Милиция Бишкектеги өспүрүмдү сүзүп качкан жигит кармалганын билдирди

Бүгүн, 14-майда Бишкекте өспүрүмдү сүзүп изин жашырып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя 13нөн 14-майга караган түнү саат 03:00 чамасында Курманжан Датка көчөсүндө орун алган. Анда шектүү пикир келишпестиктен улам 2008-жылы туулган А.У. аттуу жашы жете элек өспүрүмгө бычак сайып, аны Хундай Соната үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесине (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада 2007-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Айта кетсек, буга чейин өспүрүмдү сүзгөн окуянын видеосу тарап, унаанын айдоочусу изделип жаткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан