Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын генералы Самат Курманкуловдун маселесин көтөрдү.
Эл өкүлү жыйында президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, майып болуп калган Курманкулов учурда 21 миң сом гана пенсия аларын, бул анын дарылануусуна жетпей жатканын белгиледи.
"Мындан алты жыл мурун саясий олку-солкулук учурунда Самат Курманкуловдун башына таш тийип, эки ирет Бишкекте операция жасалган. Ошол кишинин тагдыры талкаланып, майып болуп калды. Ага кийинки бийлик генерал наамын берди. Азыр анын пенсиясы болгону 21 миң сом экен. Генералдын пенсиясын 21 миң сом менен гана чектеп койдук. Ал улам дарыланып, чет өлкөлөргө чыгып, реабилитация болушу керек экен. Тилекке каршы, азыр ал үй-бүлөсү менен кыйналып жашап жатат.
Учурда Кыргызстанда 800 миңге жакын пенсия алган жаран бар, бирок Самат Курманкуловдун пенсиясын өзүнчө карап берсеңиздер. Бир адамга мыйзам чыгарсакпы деп да жолун карап көрдүк. Такыр мүмкүнчүлүк болбой жатат. Аны мүңкүрөтүп койгонубуз туура эмес. Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк айлык акыбызды бердик. ИИМдин жетекчилигине, өздүк курамына рахмат, дайыма жардам берип келишет. Бирок дайыма минтип жашай албайбыз да", - деди Жанар Акаев.