Түрк тили күнүнө карата Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү (сүрөттөр)

Кыргызстанда 29 жылдан бери иштеп келе жаткан ТӨМЕР түрк тили күнүнө карата түрк ырларынын сынагын уюштурду. Аталган иш-чара Бишкек шаарында кыргыз жана түрк жарандарынын катышуусунда өттү.

Уюштурулган сынакта Назима Жумакадырова "Сил баштан" аттуу ыры менен биринчи орунду багындырса, Нурсултан Сыртбаев "Сабрет" ыры менен 2-орунду, Рыскелди Старбек "Бу геже өлүрүм" ыры менен 3-орунду ээледи.

Таймашка Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Көркөм өнөр факультетинин окутуучулары жана Бишкектеги түрк мектебинин музыка мугалимдери калыстык кылышты.

Сынактын катышуучуларына жана иш-чарада өткөрүлгөн чүчү кулактын жеңүүчүлөрүнө, жалпы 20 адамга Түркияга саякаттоого жолдомо берилди. Сыйлыкты Түндүк Кипр Түрк республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Тахир Осман Тахир, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Бишкектеги координатору Мехмет Бодур жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси, полковник Толга Такымжы тапшырды.

"Түркиянын элчилигинин Билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир өз сөзүндө Түркия тарабынан бекер көрсөтүлүп жаткан билим берүү кызматтарынын бирден бир максаты - кыргызстандык студенттердин Кыргызстанга кызмат кылуусу экенин баса белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле иш-чарада түрк тилин мамлекеттик тил кылган Караманоглу Мехмет бейдин жарлыгы Түркияда 13-майда белгиленген түрк тили күнүнө карата спектакль менен сахналаштырылган. Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин окуучулары тарабынан даярдалган салттуу кийимдердин мода көргөзмөсү тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан