Депутат Маматалиев кымбатчылык күчөгөнүн айтты (видео)

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев айлык акы көтөрүлгөнү менен кымбатчылык күчөп жатканын айтты.

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматындагылар креслого жабышпай, накта ошолор эшикте иштеши керек. Чүйдө мунай базада дизель майы 60 сом деп турса, май куюучу жайларда 70 сомдон. "Цемент кымбаттап кетти" деп башка нерселерди да кымбаттатып жатышат. Биз Салык кодексин мурдагы жылы караганда салыкты ресторандар үчүн 8 пайыздан 4 пайызга түшүрүп бергенбиз. Бирок кафе, ресторандар тейлөө кызмат акысын 15 пайыздан түшүрүшкөн жок", - деди ал.

Маматалиев кымбатчылык шаарларда эле эмес, аймактарда да сезилип жатканын белгилеп, өкмөттөн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына тапшырма берүүнү суранды.

Жогорку Кеңеш 14.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан