Таластагы айрым дарыяларда спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Бул чечим амударья форелин сактап калуу жана калыбына келтирүү максатында кабыл алынганын Айыл чарба министрлиги бүгүн, 14-майда кабарлады.
Белгилүү болгондой, мындай чечим Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун сунуштамаларына жана өлкөнүн Балык чарба департаментинин жобосуна ылайык чыгарылды.
Аталган аймакта ушул жылдын аягына чейин балык уулоого болбойт. Ал эми Шилбили, Кара-Коюн, Беш-Күл, Күмүштак, Чоң-Чычкан, Табылгаты жана Калба дарыяларында мониторинг жүргүзүлөт.
"Мындан тышкары, балык запастарын коргоо чаралары күчөтүлүп, ыктыярдуу көзөмөлчүлөрдүн тармагы түзүлөт. "Чегетей-Тоо" жана "Марал-Тоо" ишканалары Балык чарба департаменти менен биргеликте балык уулоого тыюу салуу тууралуу эскертүү белгилерин орнотушуп, браконьерликке каршы иш-чараларга активдүү катышышат", - деп айтылат маалыматта.