Баткен шаарында асфальт-бетон заводу ачылат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Күнүнө миң тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ болгон ишкананын ачылышы 31-август, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө пландалган.
"Учурда ишкана бардык керектүү, заманбап жабдуулар менен жабдылып, асфальт жана шагыл чыгарууга толук даяр.
Заводдун иши толугу менен автоматташтырылган. Адистер чоң техникаларды компьютер менен башкарат. Жалпы 30га жакын адам жумуш менен камсыз болууда. Ири өндүрүш ишканасынын курулушу үчүн шаардык мэрия 3 гектар жер тилкесин бөлүп берген", - деп айтылат маалыматта.
Облус бийлиги заводго жеке ишкер Тынчтык Курбанбеков 45 миллион сом инвестиция салганын кошумчалады.