"Муну кандай түшүнсө болот?" Депутат МИКке нааразы болгондор көп экенин айтты (видео)

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батир алуу үчүн түзүлгөн кезегинде жылдыруу учурлары катталып жатканын билдирди.

Эл өкүлү ага көп адамдар МИКке нааразы болуп кайрылып жатышканын белгилеп, алардын биринин даттануусун айтты.

"Казарман айылынын тургуну, төрт баланын апасы, майыптыгы бар Айзада 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан батир алуу үчүн кезекке турган. Бүгүнкү күндө 42-кезекте турат. 3-апрелде ага МИКтен чалып, "кезегиңиз жетти, май айында тапшыруу болот" деп сүйүнчүлөшкөн.

Үй-бүлө мүчөлөрүн тактап, 18 жаштагы студент баласын тизмеден чыгартып, бир аз төлөмү бар экен, ошону толук төлөтүп, 20 күндөн кийин кайра "берилбей калды" деп байланышка чыгышкан экен. "Биринчи Жалал-Абад шаарынын тургундарына берилиши керек" дешкен экен. Бул эжеден кийинки тургандар алып жатышат. Муну кандай түшүнсөк болот? Кайсы мыйзамда "биринчи шаардын тургуну алышы керек" деп жазылган? Же коррупциялык схема барбы?" - деди депутат.

Жогорку Кеңеш 14.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан