Атактуу блогер Гусейн Гасановго издөө жарыяланганын орус басылмалары жазып чыгышты.
Ал Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасындагы издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Блогерге өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын легалдаштыруу жана адалдоо боюнча кылмыш иши козголгон.
Гасанов кармалса, 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.