Депутат Токтошев Акылбек Жапаров убадасын аткарбай кеткенин айтты (видео)

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев агартуу министри кызматына талапкерлиги каралган Догдургүл Кендирбаевадан мугалимдердин айлык акысын сурады.

Кендирбаева орточо маяна боюнча окутуучулар колуна 24 миңдин тегерегинде алышарын айтты. Эл өкүлү бул сумма аз экенин белгилеп, убагында мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун берген убадасын эске салды.

"2022-жылы ал "жаш мугалимдер 100 миң сом алат" деп айткан. "Жаш мугалим кыздарга үйлөнөбүз дегендер кезекке турат" деген. Көрсө, баары жалган экен да, алдап коюптур. Ошон үчүн сиз бул маселени көтөрүңүз", - деди Токтошев.

Жогорку Кенеш 14.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан