Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланды. Бул туурасында кечээ, 14-майда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жалпы республика боюнча 389 бош орун бар. Каттоо 28-майга чейин болот.
Сынакты (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы талапкерлердин өздөрүнө жибериле тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 150 номурларына байланышса болот.