
2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына стипендия бериле баштады. Бул туурасында кечээ, 14-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, чечим дин кызматкерлерин колдоо максатында башкармалыктын демилгеси менен ишке ашууда.
"Биз бүгүн тарыхый чечимдин күбөсү болуп турабыз. Бул кадам – ар бир имамга, ар бир дин кызматкерине: "Сен жалгыз эмессиң. Эл, мамлекет, муфтият сенин жаныңда" деген билдирүү. Имам – бул жөн гана намазга өтүп койгон киши эмес. Ал – коомдун руханий күзөтчүсү, улуттук аң-сезимди ойготкон жетекчи. Анын тили – элдин руханий жаатын өзгөртөт, үгүтү – тынчтыкты сактайт, көз карашы – жаштарды багыттайт. Биз дин кызматкерине шарт түзүп берсек, ал бүтүндөй бир коомдун аң-сезимин түптөйт. Биз имамга жөлөк болуп берсек, ал бүтүндөй элдин ишенимин туура нукка багыттайт. Бул кадам – акыйкатта, элдин келечегине салынган руханий пайдубал", - деп белгилеген муфтий Абдулазиз Закиров.
Белгиленгендей, стипендия өлкөнүн бардык аймактарындагы расмий каттоодон өтүп, мечиттерде кызмат өтөгөн имамдарга берилет.