
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, республиканын аймагында 14-майда 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылды.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болду.
ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.