Министр Улан Ниязбеков орусиялык кесиптеши менен жолугушту

Москва шаарында 14-майда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 15-майда билдирди.

Жолугушууда жетекчилер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Анда мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, киберкылмыштуулук, баңги коркунучу менен күрөшүү, кылмышкерлерди мамлекеттер аралык издөө боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар активдүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантууга даярдыгын тастыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан