"Ал, сен жаңы келдиң". Бишкекте аял тергөөчүгө пара берип жатканда кармалды (видео)

Бишкектин Свердлов районунун тергөөчүсүнө пара берүүгө шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, райондук милиция бөлүмүнүн башчысына тергөөчү тарабынан билдирүү түшкөн. Анда М.Б. аттуу жаран ага козголгон кылмыш ишин кыскартуу максатында пара сунуштап жаткандыгын кабарлаган. Милиция менен УКМК кызматкерлери 1960-жылы туулган аялды тергөөчүгө аталган сумманы берип жатканда кармашты.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары уланууда.
Ал эми Свердлов РИИБи тараткан тасмада аял тергөөчүнүн кызматка жаңы келгендигин айтып, чай ичип коюусун өтүнүп, акча сунуштаганын байкоого болот.
15.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан