Маркум Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган деп казак ишкерине издөө жарыяланды

Бүгүн, 15-майда УКМК маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна каржылык колдоо көрсөткөн деген шек менен казак ишкери Ерканат Жумабековго издөө жарыялады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Жумабеков Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында аны менен тыгыз байланыш түзгөн. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан "Барс" эс алуу борборунда экөө бир нече ирет жолугуп, Көлбаевдин жакындары Казакстандын Алматы шаарына барганда ишкер ар тараптуу каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган.

Чогултулган материалдардын негизинде Жумабековго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан