12-майда илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп Бактияр Орозов дайындалган. Кечээ, 14-майда Жогорку Кеңеш Орозовдун министр кызматына талапкерлигин карап, жактырды.
Орозовдун өмүр баяны
Бактияр Орозов 1986-жылы 28-майда Бишкек шаарында төрөлгөн.
2008-жылы Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
2010-жылы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин алдындагы Гуманитардык билимдер институтунун экономикалык факультетин экономист-менеджер адистиги боюнча (сырттан окуу) бүтүргөн.
Анын эмгек жолу
- 2008–2009-жылдары — Бишкек шаардык мэриясына караштуу Свердлов райондук администрациясынын жетектөөчү адиси;
- 2009–2013-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ар кыл кызматтарда иштеген;
- 2014–2015-жылдары — Жогорку Кеңеш депутатынын кеңешчиси;
- 2015–2016-жылдары — КУУнун Юридикалык институтунун Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу;
- 2016–2017-жылдары — Президентке жана өкмөткө караштуу аппаратта иштеген (чечимдерди аткаруу жана укуктук экспертиза бөлүмүндө)
- 2017–2019-жылдары — Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында адам укуктары боюнча эксперт, кийин сектор башчысы;
- 2021-жылы — мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку кызмат орундары үчүн кадрлар резервине киргизилген.
- 2022-жылдын 24-февралы — билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары;
- 2022-жылдын 13-сентябры — юстиция министринин орун басары болгон.
Мамлекеттик жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси. Ал 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Маалымат үчүн: 12-майда Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлгөн. Агартуу министринин милдетин аткаруу Догдуркүл Кендирбаевага жүктөлгөн.