Баткен районунун Ак-Татыр айылынын өнөр жай аймагында жаңыдан курулган желим идиштерди кайра иштетүүчү жана желим идиш чыгаруучу завод тесттик режимде алгачкы продукциясын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, ишкананын курулушу менен желим идиштерге болгон суроо талап күчөгөн. Учурда Баткен облусунан эле эмес, Ош, Жалал-Абад, Казакстандан да буюртмалар болууда. Алдыда желимден эле эмес, кагаздан да идиштерди чыгаруу пландалган. Желим жана кагаз идиштери тамак-аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы таза чийки заттан жасалат.
"Заводдун курулушуна жеке ишкер азырынча 800 миң доллар өлчөмүндө инвестиция салды. Ишкана толук ишке кирсе, 100 адам жумуш оруну менен камыз болот", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, курулуш үчүн айыл өкмөтү 5 гектар жер аянтын бөлүп , электр энергиясын жеткирип берген. Ишкана өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына карата ачылары күтүлүүдө.