Атайын үн чыгаруучу жабдуулар орнотулган унаалар айып короого киргизилүүдө 

Бишкек шаарында атайын үн чыгаруучу каражаттарды орноткон айдоочулардын унаалары айып короого киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

"Мыйзамга баш ийип, айдоочулар өз каалоосу менен унааларынын үн чыгаруучу каражаттарын алдырып жатышат", - деп билдирди мекеме.

Буга чейин Милициянын кайгуул кызматы шаарда түнкүсүн жарандарга уйку бербей, калаанын тынчтыгын бузган мотоцикл, мопеддер айып короого токтотулуп жатканын билдирген.

Атайын үн чыгаруучу заттар орнотулган унаалар айып короого токтотулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан