УКМК өзүн Ташиевдин уулу катары тааныштырып жүргөн жигитти кармады (видео)

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын атын жамынып, алдамчылык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, Д.Р. аттуу жаран Whatsapp тиркемеси аркылуу "Б.Х." компаниясынын жетекчилиги менен байланышып, алдоо жолу менен бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн. Андан соң тиркемеге Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, өзүнүн өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн. Жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң доллардан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалардын акчасы которулган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

15.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Жумабек
2025-05-15 19:38:00
Охооо 2005 тер ошончо даражага жетип калганбы алдамчылык боюнча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан