"Оппозициялык күчтөр кылып жатса керек". Садыр Жапаров кыргыз-казак тарыхы боюнча маек берди

"Тарыхта кыргыз менен кыргыз, казак менен казак чабышкан учурлары арбын болгон. Биз тарыхтан сабак алалы". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 15-майда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы Ормон хан менен Кененсарынын тарыхын козгоп, эки элдин ортосуна жик салгысы келип жаткандар боюнча айтты.

"Убакыт боло калганда социалдык тармакты, маалымат сайттарына көз жүгүртүп коюу адатым бар. Анан байкасам, болжолу акыркы жарым жылда социалдык тармакта, ютуб платформасында максаттуу түрдө кыргыз-казак ортосуна жик салууга багытталган тымызын аракеттер жүрүп жаткандай.

Бул ишти Кыргызстанда да, Казакстанда да жашап жаткан оппозициялык күчтөр кылып жатса керек деп ойлойм. Эки элди ушунтип кайраштырып ийсек деген арам ойлору болушу мүмкүн. Анан буга чейин деле байкасаңыздар керек, бул тема көтөрүлгөндө соцтармактын колдонуучулары эки жактан тең бир-бирин жамандап, акыйнек айтышып жатып калышат.

Анан кечээки видеодон эки элдин тарыхын чагымчылдык маанайда бурмалап жатканын көргөн соң кайрылуу жасап коюну туура көрдүм.

Сиз айткандай, тарыхыбызды карасак ар кыл себептерден улам баатырлар, белгилүү инсандар өлүмгө дуушар болгон учурлар толтура. Ал турсун казак-кыргыз эле эмес, кыргыз менен кыргыздын ортосунда кыл чайнашкан тирешүүлөр болуп, баатырлар өлгөн окуялар кечээки тарых болуп калбадыбы. Андай окуялар казактарда деле бар.

Кечээ постумда айтам деп эсимден чыгып кеткен бир жагдайды айта кетейин. Азыр суроо берсеңиз эстеп атам. Ошол эле Кенесарыны өлтүргөн Ормон хан, жарыктык киши, Ысык-Көлдү басып алам деп Ысык-Көлгө чабуул жасап барып Балбай баатырдын колунан өлүп атпайбы. Болбосо экөө тең эле кыргыз. Тагай бийдин урпактары.

Айтайын дегеним, ал жоокерчилик заманда кыргыз-казак болуп эле чабышпай, кыргыз менен кыргыз, казак менен казак чабышкан учурлары арбын эле болгон. Эми мунун баары тарых болуп калды. Биз тарыхтан сабак алалы. Кайсыл бир күчтөр карапайым элдерибиздин намысына тийишип жатса, ортобузга жик салгысы келген арам ойлуулардын торуна түшүп калбайлы деп атам.

Азыр дүйнө жүзүндө олку-солкулуктар болуп турган чакта кошуна, бир тууган эл бири-бири менен айтышпай ынтымактуу бололу. Бири-бирибизди колдойлу, бири-бирибизге жөлөк-таяк бололу деген эле ниетим. Анткени биз - түбөлүктүү кошунабыз, бир боор элбиз!", - деп билдирди Жапаров.

Айта кетсек, кечээ, 14-майда президент кыргыз менен казак элинин ортосуна бүлүк салууга аракет кылган видео боюнча социалдык баракчасынан билдирүү жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан