Президенттин иш башкармасы МИКке нааразы болгон депутатка жооп берди

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батир алуу үчүн түзүлгөн кезегинде жылдыруу учурлары катталып жатканын билдирген. Эл өкүлү ага көп адамдар МИКке нааразы болуп кайрылып жатышканын белгилеп, алардын биринин даттануусун мисал кылган.
Бүгүн, 15-майда Президенттин иш башкармасы эл өкүлүнүн айткандарына жооп кайтарып, МИКтин иши, ипотекалык үйлөргө кезек боюнча түшүндүрүп берди.
Мекеме тактагандай, турак жай алуу үчүн жарандар эмгек ишмердүүлүгү расмий түрдө катталган шаар же райондон гана кезекке тура алышат. Мисалы, Тогуз-Торо районунда эмгектенген жаран Жалал-Абад шаарынан үй алуу үчүн кезекке тура албайт.
"Депутат Аида Исатбек кызы мисал катары келтирген жаран башка райондон кезекке тургандыктан, Жалал-Абад шаарынан батир талап кыла албайт. Бул эч кандай чектөө эмес, тескерисинче – ачык-айкын, мыйзамдуу жана адилеттүү системдин бир бөлүгү. Бул принцип — бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү, элдин ишенимин сактоо жана аймактардагы турак жай жеткиликтүүлүгүн системдүү камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.
Анткени бүгүн жүз миңдеген жаран Бишкектен жана облустун борбор шаарларынан батир алгысы келет. Эгер аймактык чектөөлөр болбосо, борбор шаардагы батирлерге болгон басым өсүп, чыныгы муктаждар батирсиз калмак.
Биздин максат — “кандай жол менен болсо да борбордон батир алам” деген массалык көчүүнү токтотуп, ар бир жаран өз аймагында жашап, ошол жакта өнүгүүгө шарт түзүү.
Ал эми Бишкектен мурда батир алган жарандар өз каалоосу менен башка регионго алмаштыра алышат. Бул тескерисинче, региондорду жандандырууга өбөлгө болот", - деп жазылат расмий билдирүүдө.
Мекеме ошондой эле бардык тизмелер электрондук формада, автоматтык түрдө түзүлөрүн, кезекти жылдыруу мүмкүн эместигин билдирди.
"Эч ким эч кимди “алдыга жылдырып” коё албайт. Программага катталуу, текшерүү жана кезек күтүү адам кийлигишүүсүнөн толук ажыратылган. Эгер кимдир бирөө мурда “сизге берилет” деп айтканы чын болсо, бирок кийин өзгөртүлгөн болсо — мыйзам эмес, убада бергендердин иш-аракетин териштирүү керек. Бирок бул системдин өзү эмес, жоопкерчиликсиз адам фактору болушу мүмкүн.
Мамлекет бир жарым жылдын ичинде миңдеген үй-бүлөгө батир берип койду. Бул реалдуу жетишкендик. Биз түшүнөбүз эл күтүп, чарчады. Көптөр 2–3 жылдан бери кезекте турушат. Бирок программа системдүү иштеп жатат.
Эл өкүлү катары маселени көтөрүү туура, бирок аны шоуга айландырбай, биринчи расмий органдарга кайрылып, так маалымат алуу зарыл болчу. Элдин көңүлүнө ишенбөөчүлүк жаратып, “упай алуу” — бул элге кызмат кылуу эмес", - деп билдиришти мекемеден.
“Менин үйүм” мамлекеттик программасы бардык жарандарга тең мүмкүнчүлүк берүү максатында иштелип чыкканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан