Салыкчы пара алууга шектелип кармалды 

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери күн карама майын ташыгандардан пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системдерди камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К. кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан күн карама майын ташыгандарды тоскоолдуксуз өткөрүп турган. Ал аталган товарларды өткөрүү үчүн жалпы 20 миң доллар жана 1 миллион сомго жакын акча каражатын кымырып алган.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата андан ары камакка алуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан