Бишкекте 62 жаштагы Кенжебү Кулматова изделип жатат 

Бишкек шаарында 62 жаштагы Кенжебү Кулматова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-май күнү Ж.А. аттуу жаран райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анда жогоруда аты аталган апасын табууга жардам сураган.

Арыздагы маалыматка караганда, 62 жаштагы жаран ошол эле күнү саат 07:30дар чамасында Репина көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 150-160 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы узун, өрүлгөн, ак жумал.

Милиция көргөн-билгендер болсо төмөнкү байланыш номурларына чалууну өтүнөт.

(0312) 35-29-47,

(0312) 35-26-05,

0 777 229 810.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан