Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Анда айтылгандай, иштерди “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №3 Жол тейлөө мекемеси жүргүзүүдө. Учурда 2-3,3-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмары сыйрылып, жолдун негизи даярдалып, жаңы асфальт төшөө жумуштары башталды.
Ишкананын адистери тарабынан асфальт катмарынын тыгыздыгы жана тегиздиги тыкыр көзөмөлдөнүп, жолдун сапаты мамлекеттик стандарттарга толук жооп бере турганы кошумчаланды.