Ош шаарында Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечеси болуп өттү

Кечээ, 12-январда Ош шаарында КРнын Эмгек сиңирген артисти, залкар композитор жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровду эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын алдындагы анын эстелигине маданият ишмерлери, ырчынын талантын сыйлагандар, облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков жана шаар жетекчилери, окуу жайлардын ректорлору гүлчамбар коюшту. Андан соң Сулайман тоодогу обончунун бейитине барып куран түшүрүштү. Ошол эле күнү кечинде филармонияда Рыспай Абдыкадыровду эскерүү концерти болуп өттү.Рыспай Абдыкадыров - кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн өзгөчө обондору, ырлары менен жаркын из салган талант. Анын көзү тирүү болгондо 12-январда 73 жашка чыкмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан