Бүгүн, 15-майда Өзөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Ак-Талаа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалым болгондой, министр Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Жаңы-Талап, Кара-Ой, Ак-Кыя айылдарында жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан турак жайларды, социалдык имарттарды көрүп, жарандар менен жолугушуу өткөргөн.
Белгилей кетсек, 12-майда Ак-Талаа районунда 4 жана 5,5 баллдык жер титирөө катталган. ӨКМ жер силкинүүдөн жалпы 120 турак үй, 3 мектеп, 1 Маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалынан жарака кеткенин маалымдаган.