Мексикада белгилүү блогер айым TikTok'тун түз эфиринде атып өлтүрүлгөн

Мексикада 23 жаштагы белгилүү блогер айым Валерия Маркес атып өлтүрүлгөнүн Milenio басылмасы жазды.

Окуя 13-майда Сапопан шаарында болгон. Анда ал өзүнүн сулуулук салонунда TikTok социалдык тармагында түз эфирде отурган. Ошол учурда эшиктен кирген адам ага ок чыгарган. Кылмыш болгон учур видеого түшүп калган. Халиско штатынын прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин баштаган.

Басылма анын өлүмүнө сүйүктүүсү Рикардо Руис Веласко шектелип жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан