Түштүк Судандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн президенти Салва Киирдин өлүмү тууралуу тараган кептерди четке какты.
Министрлик өлкө башчысы тирүү экенин жана кызматын улантып жатканын белгилеген.
"Мындай фейк жаңылыктар өлкөбүздүн эгемендигине, кыйынчылык менен жеңип чыккан тынчтыкка шек келтирүүнү каалагандардын кызыкчылыгына гана кызмат кылат... Салва Киир өзүнүн президенттик милдетин берилгендик менен, чың ден соолукта аткарууну улантууда. Биз коомчулукту ушактарга көңүл бурбай, такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырабыз", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.