Исламабад менен Нью-Дели ок атышпоо келишимин 18-майга чейин узартууну макулдашты. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар билдирди.
Ал парламентте сүйлөгөн сөзүндө кечээ, 14-майда эки өлкөнүн аскерий операцияларынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн айтып, мындай сүйлөшүүнүн биринчиси 10-майда болгонун эске салган.
"Аскердик операциялардын командирлеринин сүйлөшүүсүндө ок атышпоо 12-майга чейин узартылды. 12-майда командирлер кайрадан сүйлөшкөндө 14-майга чейин узартылды. 14-майдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышпоо 18-майга чейин узартылды", - деп келтирет анын сөзүн чет элдик басылмалар.
Белгилей кетсек, Индия менен Пакистандын ортосундагы тирешүү 22-апрелде Индиянын түндүгүндөгү туристтик жайда согушкерлер тобу элге ок аткандан кийин курчуган. Анда 26 адам каза тапкан. Индия чабуул үчүн Пакистанды айыптаган.
7-майга караган түнү Индия армиясы "Синдур" аттуу аскердик операциясын баштап, Пакистандын бир катар объекттерине сокку урган. 10-майга караган түнү Пакистан Индияга каршы масштабдуу операция башталганын жарыялады. Өлкөнүн армиясы аскердик буталарды аткылап, учкучсуз учактарды колдонгон. Индия ракета учуруу менен жооп берген.
10-майда АКШ президенти Дональд Трамп Пакистан менен Индия ок атышууну токтоосуз токтотууга макул болушкандыгын жарыялаган. Муну Исламабад менен Нью-Дели ырасташты.