Бүгүн, 15-майда бир катар кызмат жетекчиликтеринде алмашуу орун алды.
Алгач мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кызматтан кетерин маалымдады. Көп өтпөй эле президенттик администрация өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулганын билдирди. Ал эми анын ордуна коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Марат Иманкулов дайындалганы белгиленди.
Бош калган коопсуздук кеңешинин катчылыгына коргоо министри кызматын аркалап келе жаткан Бактыбек Бекболотов бекисе, анын бош калган министрлик ордунун милдетин аткаруучу болуп Руслан Мукамбетов дайындалды. Мукамбетов буга чейин коргоо министринин биринчи орун басары болчу. Эми анын коргоо министрлигине болгон талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.