Франция Иранды Эл аралык сотко берет

Париж Иранга каршы Эл аралык сотко арыз менен кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Франциянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Кристоф Лемуан билдирди.

"Сесил Колер менен Жак Пари эл аралык укук боюнча кыйноого барабар шарттарда кармалууда. Бул абал кабыл алынгыс жана Франция бир нече жолу белгилегендей, эл аралык мыйзамдарга карама-каршы келет. Эртең Франция консулдук коргоо укугун бузгандыгы үчүн Ирандын үстүнөн Эл аралык сотко арыз менен кайрылат... Франция Иран бийлигине каршы кысым көрсөтүүнү улантат", - деп келтирет анын сөзүн чет элдик басылмалар.

Белгилей кетсек, франциялык жубайлар Иранда 2022-жылы камакка алынган. Алар кармалгандан бир канча убакыт өткөндөн кийин Ирандын мамлекеттик телеканалы алар Франциянын атайын кызматынын атынан иш алып барышканын мойнуна алган видеону көрсөткөн. Париж муну четке кагууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан