Бишкек бийлиги мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын эскертти

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын эскертти.
Билдирүүгө ылайык, экзамендерди уюштурууга, салтанаттуу линейкага, бүтүрүү кечелерине, педагогдор үчүн ар кандай белектерге акча чогултууга тыюу салынган.
"Жооптуу органдар бул талаптардын сакталышын көзөмөлдөп, калаадагы мектептерде текшерүү жүргүзөт. Белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн административдик чаралар жана тартиптик жоопкерчилик каралган", - деп билдирди муниципалитет.
Белгилей кетсек, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу, же мэриянын 1840 же 1850 номерине кайрылса болот.
Айта кетсек, өлкөдө быйыл акыркы коңгуроо салтанаты 26-майда өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан