Мамлекеттик салык кызматы шылуундардын жаңы ыкмасы тууралуу эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.
Мекеме тактагандай, алар өздөрүн салык кызматкери катары тааныштырып, төлөнбөгөн карызы боюнча шилтеме аркылуу кирүүнү талап кылган билдирүүлөрдү жөнөтөт.
"Ал аркылуу киргенде зыяндуу программа ачылып, жеке маалыматтарды жүктөп алат жана иштөө системин бөгөттөйт.
Салык кызматы мындай билдирүүлөрдү эч качан жөнөтпөйт. Шектүү шилтемелерди ачпаңыз жана белгисиз программаларды көчүрбөңүз", - деп жазылат билдирүүдө.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылса болот: +996 (508) 996 669, +996 (755) 000 116, +996 (997) 000 116.