Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда президенттик администрациядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, мыйзам 10-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү каралган:
– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу;
– Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу;
– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу калктуу конушу;
– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу;
– Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу.
Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен жаңы түзүлгөн айылдардын чек араларынын баяндалышы бекитилүүдө.