Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт

19-майда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, жыйынга Жогорку Кеңешитин төрагасы, ошондой эле Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышат.

Ошондой эле жыйындын алдында, тагыраагы, 18-майда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен келип, төрага Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугуша турганы да айтылды

Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштарды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан