Бишкек шаарында курулуп жаткан объектилердин биринде Кытайдын 39 жаранын мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат чет өлкөлүктөр Кыргызстанга туристтик виза менен киришип, бирок мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкенин белгиледи. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, айып пул салынган.
УКМК ошондой эле курулуш компаниясынын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынганын кошумчалады.