Бишкекте 25 жаштагы кызды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2-апрелде болжол менен саат 13:30 чамасында болгон. Анда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы айдоочусу кызды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган жаран Нейрохирургиялык борбордун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын башкаруу жана пайдалануу эрежелерин атайылап же этиятсыздык менен бузуу, ден соолукка оор зыян келтирүү менен) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Азаттык" жакында Өзбекстандын жараны кызы Бишкекте бир жарым ай мурун жол кырсыгына кабылып, комага түшкөнүн айтып кайрылган видеоматериал жарыялаган.