Түркестанда Ахмед Ясавинин мурасына арналган эл аралык симпозиум өттү 

14–16-майда Казакстандын Түркестан шаарында "Доорлор жана маданияттар диалогунда Хожа Ахмед Ясавинин мурасы: гуманисттик багыттар жана заманбап чакырыктар" аттуу эл аралык симпозиум өттү. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пленардык сессия жана секциялык отурумдардын алкагында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран, Япония, Германия, Индия, Орусия, Италия, Кытай жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөн келген алдыңкы илимпоздор жана адистер илимий баяндамаларды жасашкан.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова Түркестан шаарынын түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары өзгөчө маанисин белгилеп, улуу ойчул Хожа Ахмет Ясавинин окуусу бүгүнкү күндө да адеп-ахлактык багыт катары кызмат кыла берерин баса белгилеген. Ал ошондой эле Түрк маданияты жана мурасы фондунун түрк мурасын сактоо жана жайылтуу багытында жүргүзүп жаткан негизги демилгелерин тааныштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан