Салык кызматынын өкүлдөрүнө ата мекендик өндүрүштөгү 65 жаңы Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.
Маалымдалгандай, унаалар Салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата тапшырылган. Иш-чарага аталган бөлүмдүн төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышышкан.
Шыкмаматов өлкө башчыга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, унаалар контрафакттуу жана эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча мобилдүү топтордун ишин жакшыртуу жана көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтүүдө колдонуларын белгилеген.
"Бул унаалар жетекчилер үчүн эмес, дал ушул мобилдүү топтордун ишин эффективдүү жүргүзүү үчүн берилди", - деген ал.