Түштүк Кореядагы заводдо ири өрт чыкты (видео)

Түштүк Кореянын экинчи ири дөңгөлөк чыгаруучу ишканасы Kumho Tire Co компаниясынын Кванжу шаарындагы заводунда ири өрт чыкты. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өрт ишкананын аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:11 чамасында башталган. Андан кийин жалын тез эле өндүрүш имараттарына жайылып кеткен. Натыйжада жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00гө карата өрт заводдун батыш бөлүгүнүн 70 пайызын, болжол менен беш футбол аянтчасына барабар жерди, каптаган.

Компания 400дөй кызматкер ишкананын аймагынан эвакуацияланганын билдирген. Бир адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Тилсиз жоону өчүрүү бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн деп күтүлүүдө.

17.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан