"Кыздын колун скотчтоп..." Адам уурдоого шектелгендер кармалышты

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы адам уурдоого шектелгендер кармалышканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-майда 30 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 19:25 чамасында тааныш болгон 26 жаштагы жигит менен бейтааныш жаран Бишкек–"Манас" аэропортунун айланма жолунда күч колдонуу менен колун скотч менен байлап, унаанын багажына салышып, андан соң белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет кылышканын айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө 26 жаштагы жигит 25 жаштагы досу менен бирге кыздын үйүнө барганы, кыз алардын унаасына отуруп аэропортту көздөй бет алышканы, ошол учурда кыз менен жигит ортосунда чыр чыгып, жигит кызды токмоктогону, андан соң досу менен бирге анын колун скотчтоп, унаанын багажына салышканы аныкталган.

Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, унаа айып короого киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан