Бүгүн, 18-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Өлкө башчынын куттуктоосу президенттик администрациянын расмий сайтына жарыяланды.
"Урматтуу энелер! Ажарлуу эже-карындаштар! Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Ата-бабаларыбыз улуттун келечегин улап, ар бир инсандын калыптануусуна эбегейсиз таасир тийгизген аялзатына аздек менен мамиле кылышкан. Өмүрдүн башаты, үйдүн куту, жашоонун маңызы энелер экенин эң жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан кыргыз энелери улуттун учугун улоочу гана эмес, урпактарга улуу муундан калган нарк-насилди жайылтуучу, элдин ынтымагына жана эң башкысы мамлекеттин бүтүндүгүн сактоочу калдайган калың журттун уюткусу болуп келишкен.
Буга мисал катары Каныкей, Айчүрөк, Арууке, Бирмыскал, Курманжан датка энелерибизден тарта кийинки мезгилдин чыгаандары Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Күлүйпа Кондучалова, Токтогон Алтыбасарова, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбу Турсунбаева жана башкаларды аялзатынын асылдары катары сыймыктануу менен айтып келебиз.
Мына ушундай улуу инсандардын жолун жолдоп келаткан кыз-келиндер, айымдар азыр да четтен чыгат. Кыргызстанда энелердин эмгеги, мамлекетке кошуп жаткан баа жеткис салымдары өз убагында бааланууга тийиш! Биз айымдардын мамлекеттик жана коомдук иштерге жигердүү катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүп келебиз.
Бүгүнкү күндө өлкөбүз прогрессивдүү тенденцияга күбө болууда. Учурда жергиликтүү кеңештердин 42 пайызын, Жогорку Кеңештин 22 пайызын, мамлекеттик кызматта иштегендердин дээрлик 44,5 пайызын биздин эже-карындаштар түзүп, жогорку кызматтарда иштеп келе жатышат. Алардын саясий жана коомдук турмушка батыл аралашуусу, лидерлик сапаттары, өнүгүүгө дайыма умтулуусу мамлекеттүүлүктү чыңдоодо жана коомдун өнүгүшүндөгү абдан маанилүү кадам деп эсептейм.
Мындан сырткары ушу тапта үй-бүлө, эне-бала институтун жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биз энелерге болгон урмат-сыйыбызды сөз менен эле чектебестен, ишибиз, камкордугубуз менен да көрсөтүшүбүз кажет!
Урматтуу мекендештер, энелик мээрим менен сүйүүгө, сабырга сугарып, адамгерчиликке багыттап, бабалар каада-салтын заманбап билимдерге айкалыштыруу менен тарбия берип, коомдун туруктуу өнүгүшүнө зор салым кошуп келаткан аялзатын кайда болбосун, бапестеп-барктап алалы. Энелердин ак сүтүн актоого ар дайым аракет кылалы!
Кымбаттуу энелер!
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге бекем ден соолук, күч-кубат, бактылуу турмуш каалайм. Ыйбаа кылып, сыпайы сүйлөп, жылуулук тартуулаган энелер, балдарыңыздардын кубанычы менен жакындарыңыздардын урмат-сыйына бөлөнүп, бар болуңуздар!"