АКШдагы торнадодон кеминде 21 киши каза болду (видео)

АКШнын Кентукки жана Миссури штаттарында катталган катуу бороондон кеминде 21 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир штатта 14 адам набыт болгонун билдирген. Бийлик каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. Оор жаракат алгандар көп экени айтылууда.

Кечээ, 17-май жума күндөн ишембинин таңына чейин болгон катуу бороондун кесепетинен бир топ имараттар, унаалар зыянга учураган.

Эске салсак, март айында да АКШнын алты штатында: Арканзас, Иллинойс, Индиана, Кентукки, Миссисипи, Миссури жана Техаста катуу бороон болгон. Анда 30дан ашык адам каза болгон.

18.05.25
18.05.25
18.05.26
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан