"Кызга болушкан". Бишкекте көчөдө мушташкан эки жигит милицияга жеткирилди (видео)

Бишкекте көчөдө мушташкан эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Райондук милиция кечээ, 17-майда социалдык тармактарда Жунусалиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки жигиттин мушташы тартылган видео жарыяланары менен иликтөө иштери жүргөнүн белгиледи. Натыйжада милиция бөлүмүнө жаңжалдын катышуучулары делген 20 жана 28 жаштагы жарандар жеткирилген.

Анда 28 жаштагы жигит менен анын сүйлөшкөн кызы уруша кеткени, аны көргөн 20 жаштагы жигит кийлигишип, кызга болушканы аныкталган.

Милицияга эки тараптан тең арыз жазылып, факты Укук бузуулар кодекси менен каралып, 28 жаштагы жаранга "Майда бейбаштык" беренеси боюнча административдик протокол түзүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Райондук милиция 28 жаштагы жарандын жазган арызы боюнча да текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

18.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан