Нью-Йорктогу Бруклин көпүрөсүн сүзүп алган кемеден 2 адам курман болду (видео)

Мексиканын деңиз флотунун кемеси Нью-Йорктогу Бруклин көпүрөсүн сүзүп, кырсыктан эки киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Окуя бүгүн, 18-майга карган түнү кеме АКШнын мегаполисине жасаган майрамдык сапары учурунда болгон. Кырсыктын кесепетинен 19 адам жаракат алган. Жабырлануучулардын төртөө оор абалда. Издөө-куткаруу иштери түнү бою жүргүзүлгөн.

Нью-Йорктун мэри Эрик Адамстын айтымында, кемеде 277 адам болгон, алардын көбү мексикалык деңиз флотунун курсанттары. Кырсыктын алдын ала себеби техникалык мүчүлүштүктөр деп айтылууда.

18.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан