"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 19-майдан 23-майга чейин Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Ага ылайык, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун бул бөлүгүндөгү жол жарым-жартылай жабылып турат. Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, жол тазалангандан кийин унаалар бир тилке менен өткөрүлүп турат. Көзөмөлдү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзөт.
Ишкана жарандарды бул багыт боюнча сапарды алдын ала пландап алууга чакырат.