Жети жана андан көп бала төрөп, татыктуу тарбиялаган энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо боюнча жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.
Ага ылайык, аталган сыйлыкты өлкө боюнча 1413 эне алат. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.