Могадишо шаарында жанкечтинин жардыруусунан кеминде 11 киши набыт болуп, ондогон адам жарадар болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Окуя Дамааньо аскердик базасында Сомалинин улуттук армиясына чакырылган жоокерлерди кызматка алуу учурунда болгон.
Сомали бийлиги окуя боюнча комментарий бере элек жана каза болгондордун расмий санын да жарыялай элек. Окуя болгон аймак курчоого алынып, коопсуздук күчтөрү жанкечтинин аталган аймакка кантип киргенин аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн экени айтылды.