
Президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөсүндөгү имараттардын буздурулуп жатышы боюнча түшүндүрмө берди.
Айтымында, аталган даректе имараттардын буздурулушу боюнча соцтармакта ар кандай пикирлер айтылган.
"Өзүңүздөргө маалым болгондой, өлкө боюнча Кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзамдын алкагында президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга каттаткан мүлктөрүн, анын ичинде Бишкектин Киев көчөсү 96 дарегиндеги имаратты өзүнө каттатканын билдирген.
Бул кадамы менен мамлекет башчысы активдерин башкаларга каттаткандарды же чет жакта кармагандарды ресурстарын өлкөгө кайтарууга, легалдуу иштөөгө үлгү катары көрсөтүп чакырык жасаган.
Имараттын буздурулуп жатышы болсо анын жанында кошуна жайгашкан башка курулуш объекттеринин кожоюндарынын өз имараттары менен бирге Киев көчөсү 96 дарегиндеги объектти да бузуп, кеңейтилген жер тилкесинде көп кабаттуу ири комплексти куруу сунушу жана демилгесине байланыштуу.
Соцтармакта сөз болгондой, бир эле имарат эмес, ага жакын жайгашкан башка курулуштардын да бузулушу күтүлүүдө.
Демек, бул аракет кошуна имараттардын кожоюндарынын өз ара макулдашуусунун жыйынтыгы. Кошуна жайгашкан имараттардын ордуна бир ири комплекс курулуп бүткөндө ал курулушка салым кошкондорго үлүштүк негизде таандык болуп калат", - деп жазды ал.