
Республиканын аймактарында соңку суткада 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин бүгүнкү, 19-майдагы билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болду.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырды.